Интернетте популярдуу болуп жаткан "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым. Ууу-уу-уу-уу..." деген саптарды камтыган ырдын клибинин ырчылары SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек куруп беришти.
Кыздар 18-20 жашта, алар борбордогу моделдик агенттиктердин биринде иштешет. Алардын бири Ева Стамбаева окуусунан сырткары кытай, англис, түрк тилдерин өздөштүрүү менен алектенерин айтты. Ал эми медициналык билим алып жаткан Рано Раберта тай боксу менен машыгып, чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгат. Үчүнчүсү Касиет Канатбекова хоббиси бийлөө экенин билдирди.
Кыздардын айтымында, роликке алар тартуучу топтун чакыруусу менен, кастинг аркылуу тандалып алынган.
"Видеону мынчалык популярдуу болот деп ойлогон эмеспиз. Аз убакыттын ичинде көп жолу көрүлүп, талкууга алынды. Ага атыбызды тааныталы деп тартылган жокпуз. Буга чейин бир нече видеотасмаларга тартылганбыз, муну дагы ошондой видеолордун катарын толуктайт деп ойлогонбуз. Ал эми анын сценарийин биз көп кыздардын ичинен тандалып алынгандан кийин билдик", - дешти алар.
Роликке терс пикир калтырган адамдар боюнча кыздар буларды билдиришти:
"Канча адам болсо, ошончо пикир бар эмеспи... Андыктан биз аларды "мындай сүйлө", "тигиндей айт" деп үйрөтө албайбыз. Роликке карата терс сын-пикирлер көп жазылып жатат. Жашоодо биз роликтегидей эмес, башкача адамдарбыз. Тамашаны түшүнгөндөр бар, түшүнбөгөнү андан көп. Албарсты эч качан силерди баспасын".
Катышуучулардын бири Рано буга чейин аны албарсты баспаганын, бирок кечээ түндө жаман уктаганын айтты. Кыздар ата-энелери видеороликти юмор катары кабыл алышканын, ошондой эле аларды көчөдөн көрүп таанып калгандар "Албарсты деген сенсиңби?" деген суроо узатып, "Албарсты" деп кайрылып жатышканын кошумчалашты.
"Албарстынын" аткаруучу продюсери Аскар Думанаев роликти "Албарсты" сөзүн элге сиңирүү үчүн тартышканын, анын идеясы тасманын режиссёру Бакыт Асылбек уулуна таандык экенин айтат:
"Бул роликти жакында чыга турган тасма үчүн тартканбыз. Ырдын сөзү, музыкасы авторлору - "Hackmee" тобунун мүчөлөрү. Роликти тартуудагы максатыбыз тасманы пиарлоо болчу. Мындан улам "Албарсты" деген сөздү элге сиңиртели дедик. Албарстынын ролун аткарган актёрдун ким экени сыр бойдон калсын. Роликтеги "ууу-уу-уу-уу" деп созулуп ырдалган жер албарстыны коркутуп жаткандай түр көрсөтүү үчүн кошулган. Ал эми кыздардын бийиндеги кыймыл-аракеттерин, мимикаларын, ар бир жаңсоолорун тартуу учурунда ойлоп таптык. Алар колдорун Албарстыны чакыргандай кыймылдатышат".
Белгилей кетсек, видео интернетке жүктөлгөнүнө 2 күн боло электе 200 миңден ашуун көрүү топтой алган.