Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 14-май күнү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн даярдалган “Манас”, “Семетей” эпостору жөнүндө атайын видео-тасманын бет ачары болот. Маалым болгондой, 2012-2013-жылдар аралыгында даярдалган 51 мүнөттүк бул тасмага 13 белгилүү манасчы тартылган. Ал эми тасма Маалымат, маданият жана туризм министрлиги, “Айгине” маданий изилдөө борбору жана ЮНЕСКОнун өлкөдөгү өкүлчүлүгү тарабынан даярдалды.