Киевде "Евровидение-2017" сынагы башталып, катышуучулар кызыл килемден өтүштү

Кечээ, 7-майда Украинанын Киев шаарында "Евровидение-2017" эл аралык сынагы башталып, катышуучулар кызыл килемден өтүштү. Бул жылы кызыл килем сынактын тарыхында эӊ узун болгону айтылууда. Анын узундугу 265 метрди түзгөн.

Мурда айтылган маалыматтарга караганда, сынактын сахнасын дизайнер Флориан Видер иштеп чыккан. Салмагы 30 тоннаны түзүп, көрүүчүлөр үчүн 7 миӊ орун, анын ичинде 50 орун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн болгон.

Сынактын жарым финалдары 9-майда жана 11-майда өтсө, финалы 13-майда өтөт.

"Гиннесстин рекорддор китебине" ылайык, эӊ узун кызыл килем 2014-жылы Германияда төшөлгөн. Ал 5 чакырым 35 метрге чейин созулган.

Белгилей кетсек, бул жылы сынакка Орусиянын атынан Юлия Самойлова катышмак болгон. Бирок кийинчерээк Украина бийлиги ырчыга аталган өлкөгө кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
banditka
2017-05-08 08:24:01
Россиянын ырчысы эмне болду ???
0
bond02
2017-05-08 09:09:36
banditka,озунон сураш керек да.
0
allanna
2017-05-08 09:44:34
Россия катышпай калабы?
0
ekaterinburg
2017-05-08 13:09:09
allanna,жогоруда эмне себептен катышпай калышкан жонундо шилтеме боюнча тапсаныз болот
0
mir777
2017-05-08 10:18:58
Евровидение эмес евросаясат
-1
pixduel1
2017-05-08 16:50:14
Орусияны катыштырбай туура эле кылган Самойлованын биринчиден уну жок под фанера ырдайт, ооба мумкунчулугу чектелген бирок ага боору ооруп места берип койбойт да туурабы? Украинанын жарым болугун Орусия басып алып анысы аз келгенсип атайын мумкунчулугу чектелген кызды жонотту евровидениеге элдин кыжырын келтируу учун бирок эч кандай майнап чыккан жок!Элестеткиле Россия биздин мамлекеттин жарымын мурда бизге караштуу болгон деп алып койсо конечно жанын кашаят да туурабы?!Украина да ушундай абалда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан