Бишкекте заманбап немис кинолорунун фестивалы өтөт

14-майда Бишкек шаарында заманбап немис кинолорунун фестивалы башталат. Иш-чаранын уюштуруучусу болгон Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, фестивалдын урматына 6 тасма орус тилиндеги субтитр менен коштолуп тартууланат. 

14-майда режиссёр Флориан Гаагдын 2005-жылы тартылган “Состав” аттуу тасмасы, режиссёр Дитрих Брюггеманндын 2009-2010-жылдары тартылган “Беги, если сможешь” тасмасы көрсөтүлөт.

15-майда режиссёр Кристиан Петцольддун 2008-2009-жылдары тартылган “Иерихов” тасмасы, режиссёр Каролина Линктин “Зимой будет год” аттуу тасмасы тартууланат. 

Ал эми 16-майда режиссёр Андреас Дрезендин 2005-жылы тартылган “Лето на балконе” жана режиссёр Марк Ротемунддун 2005-жылы тартылган “Последние дни Софи Шолль” аттуу тасмасы көрсөтүлөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Melis_miller
2013-05-14 12:11:14
адреси менен саатын жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан