Бишкекте түрк элинин маданий жумалыгы өтөт. Анын урматына 19-май күнү А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Түрк элинин маданий жумалыгы” аттуу концерттик кече тартууланат. Маалым болгондой, кечеге аталган өлкөнүн Муса Гёчмен аттуу дирижёру жетектеген симфониялык оркестр келип, түрк ырлары аткарылмакчы. Мындан сырткары иш-чарага Кыргызстандын маданият кызматкерлери да катышмакчы. Концерт саат 18:00дө башталат.