Киевде "Евровидение-2017" сынагынын биринчи жарым финалдын жеӊүүчүлөрү аныкталды

"Евровидение-2017" эл аралык сынагынын биринчи жарым финалынын жеӊүүчүлөрү бүгүн, 10-майга караган түнү Украинанын Киев шаарында аныкталды. Сынактын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, анда Молдавия, Азербайжан, Греция, Швеция, Португалия, Польша, Армения, Австралия, Кипр жана Бельгиядан келген катышуучулар жеӊүүчү аталышкан.

Бул күнү жалпы18 өлкөнүн өкүлдөрү талантын көрсөтүшкөн. Ал эми Албания, Чехия, Финляндия, Грузия, Исландия, Латвия, Черногория жана Словения сынактын кийинки баскычына өтө алышкан эмес.

Финалисттерди аныктоо 2 баскыч менен өтүүдө. Алгач калыстар башкы даярдыктан соӊ өз бааларын коюшса, көрүүчүлөр шоу учурунда добуштарын беришкен.

Эске салсак, "Евровидение-2017" сынагынын ачылышы 7-майда Киевдеги "Парковый" деп аталган көргөзмө борборунда өткөн. Экинчи жарым финал эртеӊ, 11-майда өтөт. Ал эми жеӊүүчү аныкталчу финал 13-майга пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aksy.1989
2017-05-10 08:10:15
Жакшы экен
-1
Nazaroff1974
2017-05-10 08:25:25
Сакалчан аялча кийинген акмактардын конкурсу болду бул.Жалан эле европа.Буларга барибир да.Азерлер катышпай эле койбоптур.Былжырбай эзилген ырлардан башка кызыгаарлык деле ырлар нерселер жок экен.Кайран ушундай пайдасыз нерселерге корогон миллиондогон акчалар....
+2
mir777
2017-05-10 11:21:10
евросаясат 2017
+1
sonisoni
2017-05-10 16:46:41
Россия жокго катышпаганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан