Кыргыздын “Көч” жана “Ханбийке Назик” тасмалары Нью-Йоркто өтчү эл аралык фестивалга катышат

20-24-май күндөрү АКШнын Нью-Йоркто евразиялык тасмалардын 2-эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргызстандын атынан режиссёрлор Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” тасмасы менен режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасы катышмакчы. Кинематография департаменти билдиргендей, иш-чарада 13төн ашык өлкөнүн тасмалары тартууланат. Айта кетсек, фестивалдын максаты Евразия менен АКШ өлкөлөрүнүн маданият тармагындагы тыгыз байланышты бекемдөө болуп саналат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан