Ырчы Чолпонайдын режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган "Два огня" аттуу ырынын клиби тартылып бүттү. Ырдын сөзү Медер Турсуналиевге, обону Аман Бердибаевге таандык. Ырдын мазмуну сүйүү темасын камтыйт. Айта кетсек, Чолпонай аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан. Ал эми клиптин көпчүлүк кадрлары тасмадан алынса, калганы Ош шаарынан тартылды. Ырчынын айтымында, жакын арада дагы 3 ыры көрүүчүлөргө тартууланмакчы.