Казакстандын борбору Астана шаарынын тургунунун үйүн жергиликтүү бийлик буза турган болгондо, үйүнүн дубалына Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап чыккан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Ал үйүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин түстүү 91 сүрөтү менен тегерете чаптап чыккан. Анын ою боюнча, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн үйдү бузууга аракет кылып жаткандарды президенттин сүрөтү токтото алат.
“Үйгө президенттин сүрөттөрүн чаптаганымдын себеби жергиликтүү атка минерлер жадакалса Кудайдан да коркпойт, жок дегенде алар президенттен коркушсун”, - деген Несипкүл Уябаева жергиликтүү басылмаларга.
Анын үйүн алгач сатып алуу үчүн жергиликтүү бийлик алгач 400 доллар, кийинчерээк 4,7 миллион теңге (1 миллион 2 миң 860 сомдой) сунушташкан, бирок бул акча да башка үй сатып алууга жетпейт экени жазылат басылмаларда.
Маалыматка ылайык, июнь айында Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган “ЭКСПО” эл аралык иш-чарага даярдануу маселеси боюнча 21-апрелде өткөн кеңешмеде Казакстандын президенти Назарбаев Астананын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски үйлөр шаардын көркүн бузуп тургандыгын айтып, нааразычылык билдирген. Жергиликтүү басылмалар Несипкүл Уябаеванын үйү да алардын катарын толуктаарын жазышкан.