Жалал-Абад шаарында жалган жалаа менен такси кызматында иштеген эркек кишилерди коркутуп, милицияга арыз жазам деп акча талап кылып жүргөн аялдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жолдо бараткан унааны токтотуп жүргүнчү кыз чыккан. Ал белгилүү жерге баргандан кийин унаадан түшкөн. Ага улай эки аял келип айдоочуга "сиңдимди машинаңа салып алып зордуктап жүрөсүң" деп унаанын документтерин алып 15 миң сом талап кылган.
"Айдоочудан опузалап, акча талап кылган 3 аял жабырлануучудан 15 миң сомду алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишине шектелип кармалгандардын бири Х.Э. аттуу тургун. Ал 1983-жылы Өзбек Республикасынын Андижан облусунда туулган. Дагы бири 1977-жылы туулган А.С. аттуу Сузак районунун жашоочусу. Буга чейин бейбаштык беренеси менен соттолгон. Ал эми кармалгандардын үчүнчүсү 1978-жылы туулган А.А. аттуу тургун. Өзбек Республикасынын жараны", - деп билдирди басма сөз кызматы.