"Евровидение-2017" сынагында ырчы Жамала ырдап жатканда жамбашын көрсөткөн чуулгандуу пранкер 5 жылга кесилиши мүмкүн

Киевде өткөн "Евровидение-2017" сынагынын финалында ырчы Жамала ырдап жатканда, сахнага чыга калып жамбашын көрсөткөн чуулгандуу пранкер Виталий Седюк 5 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министри Арсен Аваков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Евровидение" сынагынын мурунку жеңүүчүсү Жамала сахнада ырдап жаткан кезинде Виталий Седюк сахнага Австралиянын желегин көтөрүп чыгып, шымын чечип, камерага жамбашын көрсөткөн. Ырчы ага көңүл бурбай ырдай берген, ал эми пранкерди күзөт кызматкерлери алып кетишкен.

"200 миллион телекөрүүчүлөргө жамбашын көрсөткөн акмак тууралуу сурамдарга жооп: Седюк-Украинанын жараны. Анын айтымында, биздин Жамала ырдап жатканда, ал "провокация жаратуучу расмий эмес журналист" болгондуктан, өзүнүн хоббисин ишке ашырууну чечкен. Сынактын күзөтчүлөрү жана полиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда каршылык көрсөткөн. Украинанын Кылмыш процессуалдык Кодексинин 208-беренесине ылайык, 72 саатка камакка алынды. Эртең (ред. бүгүн, 15-майда) сот анын ишин 296-берене (бейбаштык) менен карайт", - деген министр.

Анын маалыматына ылайык, бул берене боюнча соттолгондорго айып пул салынат же 5 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, пранкер буга чейин Брэд Питти бетке чаап, актриса Америка Ферреранын көйнөгүнүн этегине кире калып, бутунан кармаган. Ошондой эле Брэдли Куперге, Уилл Смитке жана Леонардо Ди Каприого "чабуул" жасаганы белгилүү.

Пранк – англис тилиндеги "prank" сөзүнөн алынган, "тентектик, тамаша, шакаба" дегенди түшүндүрөт.

Чуулгандуу пранкер сахнада жамбашын жылаңачтады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maku88
2017-05-15 11:32:01
Уйронгон адат калабы а)))))) Джамалага кулкум келди
+1
Salman.eldar
2017-05-15 11:42:57
понятно больной человек! Ненормальный.

..
-7
admin_portal
2017-05-15 13:09:19
Salman.eldar, 1. Портал кыргыз тилинде болгондуктан. кыргызча жазууну сунуштайм. 2. Этика нормаларын сактаңыз!
+6
Almaz_kg
2017-05-15 11:58:43
10 жылга камасын. Өрүсиянын заказы болуш керек.
-9
Almaz_kg
2017-05-15 12:00:26
эми жамбашын түрмөдө көрсөтөт окшойт
+2
meni_kut
2017-05-15 13:48:19
жамалага ошол да аз.
+6
DNurgiza
2017-05-15 14:03:15
Ырчыга жаман болуптур да.
-1
raykray
2017-05-15 14:56:13
Укмуш жоруктарды жасап журуптурго ошондода жаза алган эмесби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан