12-майда “Мисс Кыргызстан-2013” сулуулар сынагынын финалдык баскычы өтүп, анда 18 жаштагы Жибек Нукеева (сол жактан биринчи турган сулуу) жеңүүчү болду. Айта кетсек, иш-чарага 21 сулуу катышып, алар улуттук, кече, коктейль көйнөктөрү жана сууга түшүүчү кийимдер баскычы боюнча жарышты. Жыйынтыгында Жибек Нукеева Индонезияда сентябрь айында өтө турган “Дүйнө периси” сынагына катышууга укук алды. Ал эми 2-орунду алган Мээрим Эркинбаев “Miss International”, 3-орунду ээлеген Мариам Есенова “Miss Continental” сынактарына катышмакчы. Айта кетсек, “Мисс Кыргызстан-2013” сулуулар сынагы өлкөдө 3-жолу өткөрүлдү.