Чет өлкөлүк жарандар Кыргыздан багып алган балдардын 95 пайызы ар кандай патологиялар менен төрөлгөндөр. Алардын көпчүлүгү жаңы үй-бүлөлөрдө толук сакайып кетишет. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда маалымат жыйындын катышуучусу, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева билдирди.
"Биздикилер көбүнчө жаңы төрөлгөн же 2-3 жашка чейинки жаш балдарды багып алууну каалашат. Анткени алар бала багып алышканын сыр тутуп, өздөрү төрөгөндөй түр көрсөткүлөрү келишет. Ал эми чет өлкөлүктөр мектеп курагындагы балдарды, көбүнчө оорулууларды кароосуна алышат. 2013-жылдан 2016-жылга чейин 66 бала АКШ, Финляндия, Швеция өлкөлөрүнүн жарандарына багып алууга берилген.
Алгач баланы багып алууга арыз берген тараптын каржылык абалы, соттолбогондугу, жашаган жердин климаты, бала кандай жерге барары тууралуу жана башка жагдайлар кылдат текшерилет. Бир жыныстуу түгөйлөргө берилбейт. Чет өлкөгө багып алууга жиберилгендердин арасында каза болгондор жок", - деп билдирди Жаңыл Жумабаева.
Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын 600дөй бала ар кандай патологиялар менен төрөлөт.