Мындан кийин сот отурумдары аудио жана видеого жазылып турат

КРнын Жогорку Сотунун сот отуруму өтүүчү  жарандык иштер, административдик жана экономикалык иштер, жазык иштер жана административдик укук бузуу иштери залдарында видео жана аудио фиксация тутумдары иштей баштады. Жогорку Соттун басма сөз кызматы белгилегендей, мындай жаңылануулар Кыргызстанда сот реформаларын ишке ашыруу максатынын алкагында жасалууда. Бул тутум өтүп жаткан жыйынды толук үнү менен тартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары тартылган жыйындын видеосун үнү менен башка санарип дисктерге көчүрүп жазууга болот. Аудио жана видеофиксаторлор сот процессине катышкандарды да, судьяларды да тартипке салат. Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондук сотторунда да аудио жана видеофиксация тутуму иштейт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан