Ырчы Гүлжигит Калыковдун “Жүрөк тагы” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү, обону Чыңгыз Турдубаевге таандык. “Ыр рок стилинде, бул обончунун өзүнүн каалоосу болду. Ырга клип тартууну азырынча ойлоно элекпиз. Анткени Гүлжигит менен болгон келишим акырына чыгып бара жатат. Эгерде келишим узартылып калса, балким, клип тартарбыз. Азыр болсо 28-29-майда өтө турган концерттик кечеге даярдануудабыз”,- деди Гүлжигиттин продюсери Канат Култаев.