Бишкекте “Муздун музыкасы” аттуу мультимедиялык фестиваль өтөт

18-26-май күндөрү Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Муздун музыкасы” аттуу мультимедиялык фестиваль өтөт. Иш-чара Казакстандын Алматы шаарындагы Гёте институту тарабынан уюштурулууда. Максаты эрип жаткан музга элдин көңүлүн буруу болуп саналат. Бул фестиваль үчүн уюштуруучулар Тянь-Шань тоо кыркасындагы мөңгү муздардын эригенин аудио үн кылып жаздырып алышкан. Иш-чарага келгендер муздун эрип жатканын уга алышат. Мындан сырткары аталган институттан келген музыканттар жана Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториянын жаш таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Айта кетсек, фестиваль Дүйшөмбү, Ташкент жана Алматы шаарларында да улантылат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан