Орусиядагы уулун зарыгып күткөн эне: "Уулум, Замкөөбай, сени сагындым. Бир көрүп өлсөм, арманым жок эле"

3,5 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен Замирбек Атамкуловдон ушул күнгө чейин маалымат жок. Аны Аксы районунун Кызыл-Жар айылында улгайып калган апасы зарыгып күтүп келет.

Апанын интернетке тарап кеткен видео кайрылуусунда уулун сагынганын айткан.

"Замкөөбай кел, үйлөнгөн болсоң жетелеп келе бер. Замкөө, сени көп сагындым. Таң атса кеч кирбейт же кеч кирсе таң атпайт. Ушундай күнгө калдым. Атаң салган тамда отурам. Ушул жерди ээлеп, кирип чыксаң канча кубат. Мен деле жылдагыдай эмесмин, кубатым жок. Сени бир көрүп өлсөм, арманым жок эле. Сагындым...", - деп айтылат апанын кайрылуусунда.

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин маалыматына караганда, 1977-жылы туулган Замирбек Атамкуловду издеп, айылдашы кечээ, 19-майда кайрылган.

"Айылдашынын айтымында, Замирбек 2013-жылдын сентябрь айында иштегени Орусияга кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Екатеринбург шаарында жүрүшү мүмкүн. Азыркы тапта аны издөө иштери жүрүп жатат", - деди Аскат Алиев.

Орусиядагы уулун зарыгып күткөн эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jonne
2017-05-20 16:10:22
Акча Деп журуп бул жашоонун жыргалын сезбей калдык кудайм буйруп табылып калса экен баланыз
+29
RusMos76
2017-05-20 16:21:01
Ээ замке эгер аман болсон апандан кабар ал телефон чалып болсо да
+11
MinuTolik
2017-05-20 16:23:06
Байкуш эне баланы эмне деп бакпайт. Тируу журуп дайынын билдирбей жургон болсо Кудайдын каарына калат энесин сыздаткан. Баланыда акыл эси ыйманы менен берсин да!
+9
frunze12
2017-05-20 16:25:13
Бул видеону коргон, журогундо абийир, намыс, ыйман, адамдык касиет-сапаты бар ар бир инсан козуно жаш албай койбойт. Кор турмуштун айынан, бийликтин зулумдугу, жегичтигинин айынан миллиондой Замкоолор тышта кыйналып иштеп журот. Алардын ар биринин Кыргызстанда ата-эне, чон ата-энелери сагынып айла жоктон ушкурунуп жургон убагы. Канчасы алыстагы уул-кызынын дидарын корбой бул аалам менен арманда коштошууда. Бул ата-энелердин убалы уктатпасын бийликти. Элдин каргышы урсун жегичтерди!!
+29
BekAmir
2017-05-20 16:36:05
ХХХ апага зар болуп жургондор канча?.... апанын ыраазы болбосо жарыбайсын
+4
Sagyn.91
2017-05-20 16:45:10
Садаган кетейин байкуш эне. Журонунуздон кан агып жатканын сезип турамын. Зарыктырып, кабарын билдирбей кайда журот десенер уулу.
+12
syimyk_ataiuulu
2017-05-20 16:58:51
"Эненин коону балада, баланын коону талаада", деген ушуда. Баланыз эртерээк табылсын!
+4
take.kg86
2017-05-20 17:02:52
Канчалаган ата-энелер уул кыздарын күтүп айылда көздөрүнө жаш алып отурат. Ылайым уулуңуз Замкоо табылып жаныңызга барып сиздин батаңызды алсын Амиин
+4
frunze12
2017-05-20 18:06:35
Эртен эле шайлоо келет. Угут иштери журуп баштады. Мен президент болуп элди жыргатамын деп тоодой убада беришет жомокчулар! Элдин кулагына тегиз жетсин деп тонна тонна лапша ала журушот. Эл, айрыкча жаштар оной азгырылат деп ырчы-чоорчусун ала журушот.

Эртен эле сага дос-таанышын, тууган-уругун келет, биртке акча учун ыйман-намысын сатып, эми силерди да "сатып алуу" же азгыруу учун. Эгер кары ата-эненди сызаткын келбесе, уул-кызындын келечегин ойлосон, добушунду сатпа!
+2
Izdeim_seni.
2017-05-20 19:26:19
Эххх,мен апамды бир коргонго зармын.
+3
kaniulia
2017-05-21 20:02:43
Ооо кудай журок сыздайт го кудайым озун жардам бер
0
jazii
2017-05-22 13:58:47
Ыйлагынды келтирет го, табылып кайтып келип калса экен уулу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан