Түркия Кыргызстанга берген насыянын 2-бөлүгү келди

Түркия Кыргызстанга берген 38,5 миллион долларлык насыянын 2-бөлүгү келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, каражаттар ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруу тармагына жабдууларды сатып алууга жана мелиорация, ирригациялык имараттарды курууну каржылоого жумшалат. Ошондой эле Айыл чарба министрлигинин карамагындагы техникаларды каржылоо, суу чарба иштерине, Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоп-түзөө, авариялык абалдагы мектептерди калыбына келтирүү, Ак-Ордо жаңы конушуна электр көмөк чордонун куруу, алфальт бетон заводун куруу жана атайын техникаларды сатып алууга да каражат бөлүнөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан