Бишкек шаарындагы "Дыйкан" базары жабылат. Мындай маалыматты бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Дыйкан" базары ушул жылдын 24-майында жабылат. Буга чейин 2017-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, базардын иши кемчиликтерди жоюу талабы коюлуп токтотулган. Бирок коюлган кемчиликтерди жоюу аткарылган эмес.
Ленин райондук администрациясы соодагерлерге базардын жабылышы боюнча чыккан чечимди кабарлаган. Базарга жакын жайгашкан мунай базасы адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Ошол эле учурда өрт кырсыгы катталса, кайгылуу окуя болуп кетиши мүмкүн. Анткени базарда кошумча кирип-чыгуу жолдору жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин "Дыйкан" базарынын соодагерлери базардын жабылышына каршылык билдирип, бир нече жолу митингдерди уюштурушкан.