КҮНСЕРЕП: "Ата Мекенге" иштеген мыйзам КСДПга иштебейби?

Бүгүн, 24-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн эртең менен Бишкектин так ортосунда, тагыраагы Кыргыз улуттук филармониянын жанында эл көп өтчү жерде жардыруучу затка окшош буюм табылып зыянсыздандырылды. Буга чейинки окуяларды кошо эске алсак, анда бүгүнкү кабар коркунуч жарата турган коңгуроо. Буга чейин 10-майда Патрулдук милициянын имаратынан шектүү сумка табылып, ичинде эч кандай жарылуучу зат жок болуп чыккан. Ошондой эле былтыр “Бишкектеги №42-мектептин ичинде жардыруучу зат бар" деген маалымат келип түшүп, аягы жалган болуп чыккан. Бирок мына ушундай жалган маалыматтар менен коопсуздук кызматынын чама-чаркы текшерилип жаткан болсочу? Манчестердеги концерт учурундагы жардырууну, Санкт-Петербургдагы терактты эске алганда Бишкекте бомбанын муляжы табылганын күч түзүмдөрү коңгуроо катары кабылдашы керек. Бүгүнкү окуя "Риа новости", "Регнум", "Dailynews.kz" өңдүү чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын да көңүлүн бурду. Быйыл президенттик шайлоо өтөт. Ар кандай күчтөр, айрыкча радикалдуу күчтөр, кырдаалды курчутууга аракет кылуулары мүмкүн. Коопсуздук кызматы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу иштерин күчөтүшү зарыл. Бүгүн жардыруучу зат муляж болуп чыкты. Эртең чын эле бомба болуп чыксачы?..

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 23-майдагы жыйынында "айрым авиакомпанияларда депутаттар үчүн арзандатуулар каралган" деген маалымат кызуу талкууну жаратты. Парламенттин иш башкармалык башчысынын орун басарынын бул маалыматын депутат Айнуру Алтыбаева калп деп чыкты. Көрсө, жакында гана Ошко учуп барып келген депутат айымга аталган арзандатуу берилбей калыптыр. Авиакомпанияларга мындай маалыматтын коомчулукка жарыяланып кетиши жакпады. Алар эл өкүлдөрүнө "скидкалар" берилген эмес деп чыгышты. "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамындагы 42 берененин бири эле депутаттардын милдеттери тууралуу. Ал эми басымдуу бөлүгү депутаттардын укуктарына жана артыкчылыктарына арналган. Депутаттарга кызматтык батир, аймактарга болгон иш сапарларына ай сайын бөлүнгөн жол кире, депутаттык кол тийбестик аз келгенсип, эми алар мандаттан мыйзамда белгиленбеген кошумча артыкчылыктарга ээ болгусу келгени байкалууда. Авиакомпаниялар депутаттарга арзандатууларды берип жатышканы тууралуу сөз жооптуу кызматкер тарабынан жөн эле айтыла бербеси анык. Депутаттар мандатты, парламентте берип жаткан добуштарын жеке кызыкчылыктарында пайдаланышары тууралуу кептер далай жолу айтылып, жазылып келе жатат. Атүгүл "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов: "Ушунча болду, мамлекеттеги бизнести беш-алты депутат бөлүп эле албайсыңарбы?" - деп да чыккан. Кечээ Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков айнектери толук караңгылатылган унаа менен жүргөн жеринен журналисттер менен МАИ кызматкерлеринин камерасына "илинип" калды. Алгач, депутаттык төш белгисин булгалап, мыйзамды тоготпой кетип калмакчы болгон депутат журналисттер болбогондо айыпка жыгылары күмөн болчу...

Бийликтин башкы оппонентине айланган "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарына козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөлөр аяктап, иштер сотто карала баштады. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү. Ал "аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын "Барат Люкс" ишканасына саткан. Кийин ал ишкана аталган унааны тендердин негизинде Эсептөө палатасына базар баасынан кымбат саткан. Ошентип мамлекетке 3500 доллардын тегерегинде чыгым келтирилген" деп айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет. Бул кылмыш иши мамлекетте мыйзамдардын бирөөгө карата иштеп, экинчилерге карата иштебей тургандыгын, кош стандарттуулукту ачык көрсөтүүдө. Шыкмаматов "өзү Эсептөө палатасында иштеп турган маалда аялынын мурда (!) башка бир ишканага сатылып кеткен машинасы тендер аркылуу алынган. Ошол үчүн айыптуу" делинип жатат. Ушул эле кылмыш ишинин, тергөөнүн схемасында каралса анда дал ушундай эле кылмыш жоопкерчилигине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы тартылат беле? Болгону ал иште кайдагы бир 3500 доллар эмес, миллиондор тууралуу сөз болмок да? Албек Ибраимов жетектеп турган маалда "Дастан" мамлекеттик ишканасына тиешелүү 2,7 гектар жер бир адамга сатылып, кайра андан Ибраимовдун үй-бүлөсү жерди сатып алып, аягында ал жер өлкө башчысына сатылган. Бирок прокуратура бул иш толугу менен мыйзамдуу ишке ашкан деген пикирде. Эгер өлкө башына учурдагы бийликтен эмес, башка адам келсе, прокуратуранын жогорудагы иш боюнча пикири өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Шыкмаматовдун партиялашы Аида Салянованын иши боюнча биринчи сот отуруму 22-майда өтүп, жактоочусунун өтүнүчү менен 29-майга жылдырылган. Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча биринчи сот отуруму 5-июнга дайындалган. Ал "Мегаком" иши боюнча орусиялык жеке ишкерден 1 миллион доллар алган" деп айыпталып, "алдамчылык" жана "коррупция" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бийлик бул кылмыш иштерин "саясий куугунтук эмес" дейт. Бирок коомчулуктун көзүнө даана көрүнүп турган жагдай, "Ата Мекендин" мүчөлөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, бийликтин "быкыйларын" таап чыга баштагандан кийин аларга карата кылмыш иштери ачылды. УКМК тергөөлөрдү бүтүрүп, "Ата Мекенчилердин" тагдырын соттордун колуна салып берди. 2010-жылы калкка берилген убада аткарылбай, сот системинде реформа ишке ашпай калганын эске алсак, анда соттогу жыйынтыктар деле УКМК менен прокуратура чийген чийинден алыс кетпейт деп күтүүгө болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан