"Учурда Малика ооруканада, абалы жакшы. Жакынкы күндөрү чыгарылат", - деп билдирди бүгүн, 24-майда Динара Акулова SUPER.KG порталына.
Белгилей кетсек, Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелип, Дубайдан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалганы 17-майда белгилүү болгон. Кийин ырчынын абалы начарлап ооруканага жаткырылганы, ал жактан операция жасалганы айтылган.