Бүгүн, 18-майда ырчы Малика Динага борбордогу ооруканалардын биринде операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу. Бул тууралуу ырчынын апасы Динара Акулова SUPER.KG порталына кабарлады.
"Кызым Дубайдан эле "апа, ооруп жатам" деп жаткан. Таңкы саат 4тө аэропорттон өзүм тосуп алдым. Аэропорттон баягы эски иш боюнча маалымат базада бар окшойт, чек арачылар тосуп, укук коргоо органдары бир сыйра текшерүүгө алышты. Бул иш эмнеге мынча созулуп, көтөрүлүп жатат билбейм... Ошондон ары эле алып кеткем. Азыр операциясы бүттү, баары жакшы. Учурда наркоздон кийин эсине келе элек", - деди Динара Акулова.
Динара Акулова Малика Дина тун кызын кесарево жолу менен төрөгөнүн айтып, ошол кездеги дарыгерлердин катасынан улам операция жасалганын кошумчалады.
"Кесарево жолу менен төрөгөн. Ошондо дарыгерлер туура эмес тигип коюшкан окшойт. Өзүн жакшы сезбей, акыркы күндөрү кыйналып жүргөн", - деди апасы.