Ысык-Көл менен Соң-Көлгө 6 миллион 122 миң майда балык коё берилди

Жыл башында Ысык-Көл менен Соң-Көлгө 6 миллион 122 миң майда балык коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 2013-жылдын 1-кварталында Ысык-Көл жана Соң-Көлдө форель, сиги жана пелядь балыктарынын санын көбөйтүү иш-чаралары өттү. Бул учурда Ысык-Көлгө 1 миллион 12 миң даана форель, 1 миллион 95 миң даана сиги түрүндөгү майда чабактар коё берилди. Ал эми Соң-Көлгө 4 миллион 15 миң даана пелядь майда балыктары ташталды. Май айында да Соң-Көлгө сиги менен пелядь чабактарын коё берүү пландалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан