Мамкаттоо кызматы: "Биометрикалык паспорттогу улуту деген графа электрондук чипке жазылат"

Бүгүн, 31-майда парламент жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана киргизилгенин, паспортто адамдын жашаган жерин тастыктоочу жазуулар жок экенин айтып чыккан. Бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматы "биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана керек деген пикир жаңылыштык" деп жооп кайтарды.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча 2017-жылы 2-майдан бери биометрикалык паспорт алгандардын саны 10 миңден ашкан жана паспорт алуу үчүн 50 миңдей жаран документтерин тапшырган.

"Паспорттогу улуту деген графа чипке жазылган. Өзүнүн улутун көрсөткүсү келген жарандар анкета толтуруп жатканда жаза алышат. Ал электрондук чипте көрсөтүлөт. Башкача айтканда, улуту деген графа толугу менен жок болбой, электрондук форматка өттү. Биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана керек деген жаңылыш пикир айтылып жатат. Жарандардын өздүк маалыматын электрондук форматта сактоо ыңгайлуу. Үй-бүлөлүк абалын өзгөртүп же жашаган жери өзгөргөндө паспорт алмаштыруунун кажети жок. Биометрикалык паспортту алууда көп документтер талап кылынбайт. Керектүү документтердин электрондук варианты Мамкаттоо кызматынын базасында болсо башка эч кандай документ талап кылынбайт. Паспорт алуунун убактысы кыскарган. Паспорттун коргоочу элементтери көп жана аны айдоочулук күбөлүк, банк картасы, пенсиондук карта катары пайдаланууга болот", - деп билдирет мамлекеттик каттоо кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
ABAkg86
2017-05-31 16:37:43
Абдан окунучтуу. Биздин атка минерлер, жанагы байдын баласы командасы менен кай жерге чейин алпарат. Улуттук кызыкчылык деген тушунук болбой калды. Акча, акча, акча жана мансап.
+4
scorp
2017-05-31 16:40:34
Бийликтегилер карапайым элди унутту озум билем болушуп каалаганын кылып жатышат карапайм элди сабатсыз жапайы эч нерсени тушунбогон адамдай корушуп тоготпогондой мамиле жасап калышты, мамлекет эл менен мамлекет эли жок болсо ошол креслолорунда олтурмак эмес эстерине келтириш керек болуп калды ээй эл бар эл чечет депчи, тим койсо тайсалдап калышты ачык эле бийлик талашышып элди тоготпой ар кылыктарын жасап!!!!!!
+6
Muslim_KGstana.
2017-05-31 16:48:52
ХХХ ошол улутун сыртка калтырса болбойт беле?
Элди нааразы кылбай?
+5
scorp
2017-05-31 16:50:56
Демокра́тия (др.-греч. δημοκρατία — «эл бийлиги», от δῆμος — «эл» и κράτος — «бийлик») Демек эл чечет биздин олкодо эл аркылуу бутуш керек коптогон жумуштар, а булар, билбейм ойлорунда эмне бар, ойлойт окшойт кыргыз эли тупой саясатты тушунбойт сабатсыздар деп, бир куну эл озу чыгат митинге ошондо корушот коргулукту, гопту булар, элим менин мекеним! урматтуу кыргыз элим бир уюшумду болуп ушул маселени чогулуп чечейличи бийлик элди ойлобойт окшойт, улутубуз эмне болот келечекте!!!
+5
scorp
2017-05-31 17:04:40
Акча талашып бийлик талашышканда элди ойлошбойт эл эстеринде да жок болот, а баштарына кыйын кун туш келгенде же биросун камаганда элди митинге тартышат булар мындай алар андай деп, эми ушинтип жаткан адамдарга кантип ишене аласын а? элим айтчы кантип ишенебиз мындай эки жуздулорго??!!!
+2
jonne
2017-05-31 17:32:39
scorp туура айтасын
0
meni_kut
2017-05-31 17:15:31
Чипти баардык эле атуул текшере албайт.Ош Баткенде таза кыргызча суйлогон озбектер бар,тим эле кыргызмын деп калптан карганып ,кыздар алданып тийип башташат.Мурда паспортунан билинип калчу эле.
+3
Nurmat8921
2017-05-31 17:24:25
ушул улуту деген жери жок учун паспорт албай журом эртеге Озбек же тажик булуп калбайын деп. сыртына еле жазып койсо болмок улуту дегенди
+4
jonne
2017-05-31 17:35:55
Баардык кыргыздар каршы экен . Кантип эмнеге? Берип атат уулуту жок поспорту
+2
Shef87
2017-05-31 17:53:55
Ким кылып атат ушуну ойлонбойбу кичине
+2
Asyl10
2017-05-31 18:07:55
Чипке бардык данныйларды киргизуу бул дуйнолук практикада бар нерсе да, КРда эч ким велосипед ойлоп тапкан жок. Азыркы КР айдикарталарын коп мамлекет тааныбайт, кээ бир чет олкодо,бул эмне кредиттик картабы дейт. Ал эми биометрикалык паспортту коп мамлекеттер тааный алат жана анда азыркы айдикартага караганда коп маамлымат киргизилген,чипте улутунан баштап бармактын отпечатогуна чейин бар да. Дуйнолук талапка жооп берген паспорт алышыбыз керек да же КРден эле эч жакка чыкпайбызбы?
-2
Arlenchik
2017-05-31 20:47:38
Чипке эмес эле бакыйтып тышына КЫРГЫЗ деп жазып коюшпайбы, же антип кыргыз деп жазыштан уялып атышабы, ээ буларын болбой калды оз билгендерин кылып.
+1
kenjebek_a
2017-05-31 21:23:11
Улуту даана сыртында жазылса жакшы.Мисалы Москвада озбек улутундагы кыргыстандын жараны уурулук менен кармалды деп айтылат эле.Азыр озбеги тажиги дунган уйгур даже орусу болсо да кыргыз болуп айтылат.
+1
Letchik-bolgum-kelchuu
2017-05-31 21:27:44
Э ал электрон чипке жазылган менен кочодо пасспортунду корсот улутун ким десе кайсы аппаратка салып корсото коёсун кочодо
0
Atas
2017-05-31 21:35:38
Bul karta oshondo kop kyzmat kylat eken 10 v 1 degen syaktuu , birok ulutu degen grafany mildettuu turdo kaltyruu kerek dep oiloim
0
Yktyjar
2017-06-01 19:02:57
Улуту деген жерге улутун созсуз жазуу керек себеби союз убагында туштук тарапта райондук мамкаттоо кызматтарында Бут эле озбектер иштеген мисалы атын Улукбек болсо озбектер Улугбек деп Бактыяр болсо Бахтиер деп жазып салышкан менин атымда озбекче атамын аты да озбекче балдарымдын аты кыргызча улутум Кыргыз Ошо себептен созсуз жазуу керек улутун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан