Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык мындан төрт күн мурун, тагыраагы, 16-октябрь күнү борбор калаанын Троицкая көчөсүндө болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын 17 жаштагы айдоочусу токтоп турган Hovo жүк ташуучу унаасын, андан соң жөө жүргүнчүнү жана Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. 16 жаштагы өспүрүмдүн буту сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.
Кайгуул кызматы 17 жаштагы баланын айдоочулук күбөлүгү жок экенин кошумчалады.