Санкт-Петербург шаарында маймыл чечегине шектелип ооруканага жаткырылган беш адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, бейтаптардын абалы туруктуу. Алар жеңил жана орточо абалда дарыланып жатышат. Учурда эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп, бейтаптар менен байланышта болгон адамдар аныкталууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2022-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейин дүйнөдө маймыл чечегинин 193 миңден ашык учуру катталды.