Бишкектин Фучик-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир тарабы урап түшүп жаткан турак жайдын дубалын оңдоо иштерине бюджеттен акча бөлүүгө мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына борбор калаанын Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карынбаев маалымдады.
“Дубалдары кооптуу абалда турган көп кабаттуу үйдүн абалы бизге тааныш. Ошол үйдөгү жашоочулардын ынтымагы жоктугунан ушундай абал жаралган. Мындан 4 жыл мурун жашоочулар менен биргеликте комиссия түзүп, дубалды сыртынан шыбап чыгуу аракеттерди көргөнбүз. Ошол маалда оңдоо иштерине 150-200 миң сомдой керектелмек. Жашоочулар өздөрү акча чогултпай койгондуктан, оңдоо иштери жүргүзүлбөй калган. Эми 1 миллион сом жумшалышы мүмкүн. Себеби ураган, чириген кирпичтер көбөйүп кетти. Биринчи кезекте үйдүн ичиндеги даараткана менен жуунуучу суунун саркындысы аккан түтүкчөлөрдү оңдош керек. Суу ичинен агып дубалдын сыртына чыгып жатат. Бюджеттен каражат бөлдүрүп берели десек, ага мыйзам жол бербейт”, - деди акимдин орун басары.
“Шаарды өнүктүрүү агенттиги аркылуу 50 пайыз грант алып, калган сумманы жашоочулар чогултса маселе чечилет. Бирок жашоочулардын 90 пайызы батирлерди ижарага алып жашагандар болгондуктан, алар акча чогултушпайт. Батир ээлери болсо өздөрү шаар четиндеги кымбат баалуу үйлөрдө жашашат. Бир-эки айлык ижарадан алган акчаларын жумшап койсо, үйдүн дубалы оңдолуп калмак”, - деп кошумчалады Карынбаев.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндөгү беш кабаттуу №20-турак жайдын бир тарабынын дубалдары урап түшүп жаткандыгын үйдүн жашоочулары билдиришкен эле.