Ошто каруселдин кулаганына байланыштуу Башкы прокуратура өкмөткө сунуштама берди

Оштогу Навои сейил багында кулаган каруселге жана окуучулардын жайкы эс алууга чыгуусуна байланыштуу, Башкы прокуратура өкмөткө аттракциондорду пайдаланууда коопсуздукту жөнгө сала турган тиешелүү укуктук базаны түзүү боюнча сунуштама берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймактарындагы прокуратуранын кызматкерлерине аттракциондордогу коопсуздук канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгын жооптуу адамдарга текшерүү талабын коюу тапшырмасы берилген. Бул иш-аракеттин негизги максаты - эс алуу жайларында тургундардын коопсуздугун камсыздоо экени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан