Атасы боорун берген өспүрүм курактагы Азат Сартбаевге жасалган операция 16 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Ал азыр Индиядагы бейтапканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Каарманыбыздын бир тууган агасы Азамат Сартбаев иниси менен атасына дарылануу үчүн чоң суммадагы акча каражаты керектигин бүгүн, 31-майда SUPER.KG порталына айтып берди.
"Боор оорусу жаңы башталганда билинбейт тура. Улам күчөгөн сайын кыйнап баштайт экен. Иним акыркы 3 жылдан бери оору менен күрөшүп жүрөт. Кыргыз жеринде дарыланып майнап чыкпай калды. Дарыгерлердин кеңеши менен Индияга барып, тажрыйбалуу дарыгерлердин колунан операция жасатууга туура келди. Ал үчүн айылдагы үйүбүздү, 3 гектардан ашуун үлүш жерибизди саттык. Эжемдин досу үйүн күрөөгө коюп карызга акча алдык. Ошентип 45 миң АКШ долларын таптык. Атабыз боорун берүүгө макулдук берип, 16 сааттык операциядан ийгиликтүү чыгышты", - деп билдирди каарманыбыздын агасы Азамат Сартбаев.
Маалыматка ылайык, Азат Сартбаев 17 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын тургуну. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Учурда аны жакындары Индиянын бейтапканаларынын биринде карап жатышат.