Өзгөчө кырдаалдар министрлиги интернеттеги мобилдик тиркемелер аркылуу өзгөчө кырдаал жарыялангандыгы же аба ырайы кескин өзгөрөт деген билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөнү суранууда. "Расмий билдирүүлөр ӨКМнын расмий баракчасы аркылуу гана таратылат. WhatsApp же башка расмий эмес булактардан келген билдирүүлөргө көӊүл бурбагыла", - деп айтылат маалыматта.