Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы мектепте 10-11-класста окуган кыздар өз ара мушташып, 1 окуучу кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 23-майда мектепте 11-класс жана 10-класста окуган кыздардын ортосунда мушташ чыккан.
“Биздин бул окуя тууралуу маалыматыбыз жок болчу, мушташтан жабыр тарткан 10-класста окуган кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган соң гана мектепте мушташ болгону аныкталды”, - дейт Усубакунов.
Андан сырткары ал жабыр тарткан окуучу кыздын Ысык-Көл районундагы аймактык ооруканага жаткырылганын, учурда аталган ишти иликтөө жүрүп, эмнеден улам жаңжал чыккандыгы такталып жаткандыгын айтты.