Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 1-июнда Куурчактар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, жарманке үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Ага Казакстан, Өзбекстандан келген кол өнөрчүлөр дагы катышат.
"Бүгүн оригами, токуу, квилинг, монтана жана чий куурчак техникалары менен жасалган куурчактар көргөзмөгө коюлат. Сүрөтчү, дизайнерлерден турган калыстар тобу мыкты жасалган куурчакты аныкташат. Жети номинация боюнча мыктылар аныкталат. Көргөзмө-жарманкеде 4 500дөй эмгекти көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.