Тазабек Икрамов, депутат: "Өлкөдө өзү укук коргоо органдары барбы?"

“Күнүнө жол кырсыктары, адам каза болуп жаткан, өлтүрүп жаткан, уурдап жаткан, алдап кетип жаткан... Буларды көрүп бизде укук коргоо органдары барбы деген суроо жаралат”, - деди 1-июнда парламентте депутат Тазабек Икрамов.

"Акыркы убакта табигый кырсыктар, жол кырсыктары, учак кырсыгы катталып, адамдардын үрөйүн учуруп жатат. Балким, бул биздин пейилибизге жараша Жараткандын берип жаткан сыноосу же жазасыдыр. Кырсыктарда тигини же муну айыптоодон алысмын, бирок "сактанганды Кудай сактайт" деген сөз бар. Жаңылыктарды окугандан коркуп калдык. Чынын айтыш керек, жылдын башынан бери статистиканы карап көрсөк, кылмыш фактылары күндөн күнгө өсүүдө. Мыйзам бар, айып төлөм, жазаларды күчөтүү боюнча мыйзамдарды киргизип жатабыз, дагы эмне кылыш керек? Күч органдары бир гана кылмышкерлер менен күрөшпөй анын алдын алуу чараларын да көрүш керек. Шаардагы коомдук унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары катталган учурлар да көбөйдү. Айдоочулук тажрыйбасы жетпеген, жаш балдар кичи автобустарды толтуруп алышып, адамдын өмүрү менен ойноп жатышат", - деди депутат.

Икрамов жол кырсыктарын азайтуу үчүн өкмөттүк саат өткөрүп талкуулоону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2017-06-01 11:12:17
Кош колдоп кошулам созунузго!!!Закон бар,бирок иштегени коп сезилбейт!Закон чыгаргандар оздору да бузат законду!
+2
toktor89
2017-06-01 11:26:12
Ууруларга , адам олтургонго, алдамчылыкка, зоокурлорго. Ж.б ушундай кылмыштарга шарият окумунон киргизиш керек! Биздин окмот таза иштебегендиктен баары ушундай. Алдым жедим жуттум. Эртен Жараткан Аллахтын алдына барганда жалган дунуйада кылган кылыг учун кандай жооп берер экен ход министр и депутат бандитмин дегендер.

СЕН ТАЗА БОЛСОН МЕН ТАЗА БОЛСОМ, КООМ ТАЗА БОЛОТ.
0
ekaterinburg
2017-06-01 11:30:52
toktor89,дунуйада дебей суйло иним...Озундун тилин бар го,дуйнодо эле дечи.
0
nur.akturpak
2017-06-01 13:01:42
Балык башынан сасыйт креслодо олтуруп алып былжырай беришет мыйзам чыгарып атабыз дейт ошол чыгарган мыйзамынарды биринчи озунорго иштеткиле калп эле куйгон адам болуп элди алдай бербей
0
balakai-1997
2017-06-01 13:23:18
Эл мыйзамга баш ийбесе,мыйзам элге баш ийет болуп жатат. Укук коргоо органдары бар эле аларды эчким козго илбей жататко кааласа капотунда суйроп кааласа кашын жара тееп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан