Бишкек шаарында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата "Балдар ааламы" аталышындагы майрамдык фестивалы өткөрүлүүдө.
Салтанатка шаардагы мектеп окуучулары, билим берүү борборлорунун тарбиялануучулары жана жер-жерлерден келген миңден ашуун балдар катышууда.
Токтогул районунун 5-классынын окуучусу Бектур Садиров балдардын майрамына өзү жасаган жүк көтөрүүчү техникасын көргөзүү үчүн алып келген.
"Жалпы балдарды майрамы менен куттуктайм. Маанайым эң жакшы, бүгүн мен борбордо окуган балдар менен достоштум. Майрамыбыз көңүлдүү өтүп жатат", - деп билдирди ал.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан ыр, бий тартууланды. Ошондой эле куттуктоолор айтылып, кызыктуу оюндар уюштурулуп жатат. Окуучулар өздөрү жасаган буюмдарды жана сүрөттөрдү көргөзмөгө коюшту. Ошондой эле балдар үчүн шахмат, тогуз коргоол оюндары уюштурулду.