Бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов социалдык объекттерди курууга бюджеттен каражат бөлүнбөй жатканын билдирди.
“Курулуп жаткан 344 социалдык объектилер бар экен. Жаңы жылдан бери бюджеттен каражат бөлүнбөптүр. Аларды куруу үчүн 6 миңден ашуун жумушчу иштейт. Өкмөт каражат бөлсө иштейбиз деп күтүп отурушат. Бүгүнкү күнгө чейин каражат бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт. Канчалаган мектептер сентябрь айында ачылыш керек. Ошондой эле ооруканалардын, бала бакчалардын курулушу токтоп турат. Өкмөткө бул боюнча тапшырма берели”, - деп суранды Жамалдинов.