Ырчы Дайыр Исмадияровдун “Жаным” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Жаңылай Исаковага, обону Эдил Маматов менен ырчынын өзүнө таандык. Дайыр мырза биринчи жолу обон чыгарып жатканын айтат. “Бул обон менин алгачкы обонум болду. Ал эми бул ыр “Сагынба” деген ырымдын уландысы. Клиби да жакында тартылат”,- дейт ырчы.