1-июнь - Балдарды коргоо күнүндө Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында электр жарыгынын өчүп калганына окурман нааразы экенин SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бүгүн жаш балдарды коргоо күнүндө "Ататүрк" сейил багында электр жарыгы жок. Аттракциондор саат 13:00гө чейин бекер болмок. Балдар биздин келечегибиз. Жылына бир жолу келген майрамда электр жарыгын берип койсо болмок. Бул нерсени көзөмөлдөгөн адам жокпу?" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.