Бүгүн, 1-июнда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Балдар биздин келечегибиз деген менен аларга кылган мамиле өкүндүрөт", - деп билдирди.
Ал балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын белгилеп: “Аймактарды көрүп келдик. Балдарга жөлөк пул берүүдө чоң көйгөй бар экен. 1000 сом жөлөк пул берилет. Ошол 1000 сомду алууда дагы социалдык коргоо мекемелеринин кызматкерлери көйгөй жаратып жатышат. Кээ бирлерине телевизоруңар бар экен бербейбиз деп жатышыптыр”, - деди ал.
Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко майып балдарга кам көрүү маселесине токтолду. “Балдар үйлөрү үчүн электр жарыгына болгон тарифти коммерциялык мекемелердикиндей кылбай, төмөндөтүү керек. Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар борборун майып балдарга берүү маселесин 2 жылдан бери сунуштап келе жатам, чечилбей келет”, - деди Никитенко.