Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 2013-жылдын январь айынан бери издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган Тимур Оторбаев аттуу жаранды кармады. Ал алдамчылык, жасалма документтерди жасоо жана имараттарды өз билемдик менен ээлеп алуу боюнча кылмыштарга шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июнда УКМКнын маалымат кызматы таратты.
“Оторбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Элдар Мадылбеков (Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Турат Мадылбековдун уулу) жана Тимур Назаркулов (издөөдө) менен чогуу Бишкек шаарынын Киев көчөсү,74 дарегинде жайгашкан буга чейин Максим Бакиевге таандык имаратты мыйзамсыз басып алуу боюнча айыпталууда. Ошондой эле Оторбаев Алексей Елисеевдин 0,011 гектар жер тилкесин батири менен кошо жасалма документ жасап өзүнө каттап койгон деп шектелип жатат. Мындан тышкары ал алдамчылык жолу менен Бишкектеги имараттарды сатып жиберген”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 2017-жылдын 22-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Т.Оторбаевди тергөө бүткүчө УКМКнын СИЗОсуна камоо чечимин чыгарды.
"Тимур Оторбаев буга чейин Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикте иштеген, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон жана Жапаровдун колдоосу менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка ишке орношууга сынактан өткөн", - деп баса белгиледи УКМК.