Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровду 11,5 жылга кесүү боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Тиешелүү өкүмдү бүгүн, 15-сентябрда Жаңыл Мамбеталы төрагалык кылган соттук коллегия чыгарды. Коллегиянын курамында Нурлан Чериков жана Керезбек Эсекеев бар. Ал эми айыптоо ишин прокурор Жыпара Калыбекова жүргүздү.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.