Бишкекте кыргыз-дунган ассамблеясы балдар үчүн майрамдык салтанат уюштурду. Иш-чарага 30дан ашуун улуттун өкүлдөрү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир улут салттуу улуттук ыр, бий өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөрдүн майрамдык маанайын көтөрдү.
"Бүгүнкү майрамды өткөрүүнү кыргыз-дунган ассамблеясы биргеликте өткөрүүнү колго алганбыз. Иш-чаранын жүрүшүнө Кыргыз жергесиндеги Азербайжан, Түркия, Корея, Орусия, Татарстан, Беларусь сыяктуу 30дай өлкөнүн диаспораларынан өкүлдөр келишти. Майрамдык маанай жогорку деңгээлде өтүп жатат", - деди ассамблеясынын төрагасы Карим Ханжаза.
Салтанаттын соңунда балдарга миң даана балмуздак жана түрдүү оюнчуктар акысыз таркатылды.