Бишкекте Панфилов эс алуу багында 4 бала жоголду. 3 бала бир топ убакыттан кийин табылса, бирөө азырынча табыла элек

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Панфилов эс алуу багында жаш балдар ата-энелеринен адашып, жоголууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Ленин райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Чынара Батырбекова билдирди.

"Учурда борбор калаада майрамдык салтанат кызуу жүрүүдө. Ата-энелери менен эс алган балдардын саны аябай көп. Айрым ата-энелердин же балдарды ээрчитип жүргөн улуулардын этиятсыздыгынан улам 4 наристе бала жоголуп, жакындары кайрылышты. 3 бала бир канча убакыттан кийин табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми дагы бир бала азырынча табыла элек", - деп билдирди Батырбекова.

Маалыматка ылайык, балдардын жоголушу эс алуучулардын көптүгүнөн жана балдардын түрдүү оюн-зоокторго азгырылуусунан болуп жатканы айтылды. Тартип сакчылары эс алууга чыккан ата-энелерди жана балдардын жакындарын сак болууга чакырык жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gupa
2017-06-07 18:28:35
Бул бир бала табылды беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан