Ошто Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык оюн-зоок иш-чаралары уюштурулду

Ош шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата театралдаштырылган оюн-зоок иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин алдында балдар асфальтка “Менин шаарым” деген тема боюнча сүрөт тартышты. Мыкты тартылган сүрөттөр тандалып, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Мындан сырткары окуучулар арасында спорттук таймаштар өттү.

“Токтогул эс алуу жайынын жайкы бий аянтчасында балдар үчүн бий, оюн-зоок программалары, майрамдык концерт тартууланды. Социалдык коргоого муктаж балдарга аттракциондорго атайын талондор менен акысыз ойнотулуп, балмуздак жана таттуулар таратылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан