SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Колдун, буттун муздактыгы" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул кан айлануунун начардыгы, врачка көрүнүү керек. Кечинде бутуңуздун астына жаздыктан коюп, өйдөрөөк кылып жатыңыз. Денедеги кан тегиз айланат, балким, бутуңуз муздабай калат".
"Тезирээк ооруканага барып көрүнбөсө болбойт. Азыр кайдыгер болуп жүрө бербеңиз. Алдын алгандык ар дайым жакшы. Абалыңыз кан айлануу системасынын бузулуусуна такалчу болсо, олуттуу мамиле кылуу зарыл".
"Эң башкы себеп бутта кан айлануу начар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Бутуңузду жылуу сууга туз аралаштырып же ысык сууга салып отуруңуз. Натыйжасында жылыган бутуңузду спиртке же аракка аз-аздан малып, биринчи жөнөкөй байпак, андан кийин жүн байпак кийсеңиз буттун жылуулугу көпкө сакталат. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, өтө кыскан бут кийим буттун муздашына себеп болорун билиңиз".
"Жаратылышта аялдардын организминдеги терморегулирация эркектердикине караганда начарыраак өнүккөн. Бирок колдун муздашына дагы көптөгөн себептер мисал боло алат: 1. Кандын составында темирдин азайып кетиши (железодефицитная анемия); 2. Аз калориялуу тамак-аштан; 3. Богок оорусуна чалдыккандан. Tерапевттерге кайрылып, кандын анализин тапшырып көргөн жакшы. Имбир чайын ичүү, эртең мененкисин көнүгүүлөрдү жасoo. Ал эми буттун муздашы капилярдык кан алмашуунун бузулушунан, гемоглабиндин азайышынан, кан басымынын алмашуусунан болушу мүмкүн".
"Колу муздак жүргөндөр уул төрөй албайт" деп айта берип кыздардын жүрөгү түшүп калбасын. Анда эмне жалаң кыз төрөгөндөрдүн колу дайым ысып жүргөндөнбү? Жок, андай эмес. Колу муздактардын кан айлануусу начар болгондуктан ымыркайдын ден соолугуна таасир келтириши мүмкүн, бирок жынысына эмес. Башында түйүлдүк эки жынысты тең алып жөргөнү туура. Калыптанган организмде жыныс гормондорунун иштелип чыгышына таасир этүүчү чөйрөнүн шарттары жыныс белгилеринин өзгөрүүсүнө алып келет. Түйүлдүктүн жынысы төрт айында даана билинет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.