"Ататүрк" сейил багында аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты

Бүгүн, 1-июнда "Ататүрк" сейил багында аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге окуяга катышкан активист Аманбол Бабакулов билдирди. Анын айтымында, атайын электр тогу өчүрүлүп, аттракциондор иштеген эмес. Эс алуучулар нааразы болушуп, жаш балдар митинг уюштурушкан. Ага 60ка чукул бала катышкан.

"Биз 20дай ата-эне нааразычылыгыбызды билдирип мэрияга келип талаптарыбызды койдук, алар бизге учурда 2 автобус бөлүп берип, Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондорго кечке чейин балдарыбызга бекер түшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти”, - дейт Аманбол Бабакулов.

Эскерте кетсек, бүгүн окурмандар "Ататүрк" сейил багында электр жарыгынын жоктугуна окурман нааразы экенин SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирген.

Аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rysik79
2017-06-01 17:12:12
Азамат балдар экен го Ататурктун директорун да кубалашсын эми белорусияга...
+2
Ulan2601
2017-06-01 17:14:23
Чыкбаган митингке ушулар эле калды эле
+15
Aramisa
2017-06-01 17:44:59
Балык башынан сасыйт дегендей, бизден коруп уйронуп жатышат да.
+9
Baiko128
2017-06-01 18:00:03
Кой эй кеткиле уйунорго
-3
Kulatov
2017-06-01 18:06:19
Жаш балдарды да азыртан митинге чыкканга үйрөткүлө
-4
Suiomseni
2017-06-01 18:25:56
Митингке чыкпаган жаш балдар калды эле озу
+5
Belek2070
2017-06-01 18:40:08
3-4 жыл мурда апасынын ичинде туйулдук болуп жаткан бала, бугун мынтип митинг уюштуруп, митингде журушсо. Ата турк деген паркты атын озгортуу керек. Мурда парк "дружба" эле, достук паркы ошол бойдон эле калтыруу керек болчу, себеби турктор каржылабагандан киин кереги жок, турктор гулдотот деп ушул наамды беришкен эле, каржыламак турсун мынтип светтери очуп атса.
+2
erikkarakulja
2017-06-01 22:34:19
Балдарды митинге уйрото бербейли
+2
Kroxa
2017-06-02 10:37:03
Ырас болуптур панфилов паркына жибергени..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан