Президент онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртууну айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды.

Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип, оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев капиталдык оңдоодон жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгондон соң пайдаланууга берилген интенсивдүү терапия палатасын жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн амбулатордук-диагностикалык бөлмөсүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы балдарга сакайып кетүүнү каалап, аларды кесел менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга чакырды. “Бул күрөштө биз силерге жардам беребиз. Силерге ден соолук каалайм!”- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн зарыл болгон медикаменттер менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер мындан ары да ыкчам чечилиши керек экенин баса белгиледи.

Белгилей кете турган нерсе, мамлекет башчысы былтыр борборго келгенде балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилеген, кийинчерээк мекемеге тийиштүү финансылык жардам берилген. Бөлүнгөн каражаттар балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн модернизациялоого жана азыр интенсивдүү терапия палатасы жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн күндүзгү стационары бар амбулатордук-диагностикалык бөлмөсү жайгашкан жайларды капиталдык оңдоого, операциялык жана реанимациялык жабдууларды, медициналык препараттарды сатып алууга жумшалган.

Президент Алмазбек Атамбаевди анын жубайы Раиса Атамбаева жана саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев коштоп жүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан