ЖЫЛНААМА, 1-ИЮНЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк сүт күнү

1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк сүт күнү (World Milk Day). Бул күн биринчи жолу БУУнун өндүрүш жана айыл чарба уюму тарабынан 2001-жылы белгиленген. Анын максаты - сүттү жана сүт азыктарын кеңири жайылтуу, сүт өндүрүшү тууралуу маалымат берүү. 2008-жылы Сүт күнү бир учурда 40 өлкөдө ири масштабда белгиленген. Аргентинада бул күнү фермерлер биригип "Сүт жана бал дарыядай аккан өлкө" деген девиз менен майрамдашкан. Ал эми Германияда "Сүт бар үчүн ылдам, кайраттуу, акылдуу" деген аталышта улуттук майрам уюштурулган. Норвегияда сүт азыктарынын улуттук кеңеши сүт тууралуу жазылган баяндар сынагын өткөргөн.

1-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан