Бүгүн, 1-июнда Бишкекте коопсуздук талаптарына жооп бербеген 2 сейил бакта электр жарыгы өчүрүлдү

Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги коопсуздук талаптарына жооп бербеген 2 сейил бакта электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге мамлекеттик экотехинспекциясынан Болот Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 31-майда борбор калаадагы сейил бактардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ага чейин аттракциондордун коопсуздугу текшерилген. Жыйынтыгында "Асанбай" жана "Ататүрк" сейил багындагы аттракциондор коопсуздук эрежелерине толук жооп бербегендиктен электр жарыгы өчүрүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-июнда “Ататүрк” сейил багында аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2017-06-01 19:17:22
Неге майрам куну очурулот? буга чейин майрамга балдар учун даярдалса болотко?! Же бул жерде дагы башка кеп барбы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан