Дүйнөдө 1-июнда Балдарды коргоо күнү менен кошо ата-энелер күнү да белгиленет. Эки майрамдын бир күндө болушу символикалык түрдө үй-бүлө баалуулуктарына байланыштуу.
Бүткүл дүйнөлүк ата-энелер күнү (Global Day of Parents) — 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында кабыл алынган. 2013-жылдан тартып жыл сайын белгилене турган болгон. Майрамдын максаты — жашоочуларга жалпы адамдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды эскертүү. Анткени үй-бүлө биринчи орунда ата-эне балдардын коопсуздугуна, аларга тарбия берип коргоого жооптуу. Өзүнүн расасы, дини, маданияты дана этностук айырмачылыктарына карабай балдарынын негизги тарбиячысы, мугалими болуп саналат. БУУнун Башкы Ассамблеясы бул күндү белгилөөгө бардык мамлекеттерди чакырып келет.
1-июндун жылнаамасы.