Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим" чыгармасындагы башкы каарман Дүйшөндүн эстелигин орнотуу боюнча токтом долбоорун четке кагып, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине жөнөттү.
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мындай токтом долбоорду Жогорку Кеңеш чыгарса уят боло турганын айтты.
“Бул токтомду жергиликтүү кеңеш чыгарышы керек. Ар бир эстелик боюнча токтом чыгарсак уят эле болобуз. Баткенде, Ошто, Ысык-Көлдө эстелик коюп бергиле деп келе башташат. Мэрияга жөнөтөлү, бул маселени күн тартибинен алып салалы”, - деди ал.
Добушка коюлуп, депутаттар Дастан Бекешевдин сунушун колдоду. Токтом долбоордун демилгечиси аталган фракциянын депутаты Рыскелди Момбеков.